Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаштар маселеси көтөрүлдү.
Анда жаштарды ишке орноштуруу маселесине токтолгон депутат Карамат Орозова СССР маалындагы ийгиликтүү тажырыйбаларды ортого салды.
“Мурда “Жаштар – биздин келечегибиз” деген сыяктуу ураандар менен бир кызмат ордуна экиден кадрды резервге коюп, атайын даярдоо мектептеринен окутушкан. Андыктан, азыр дагы мындай ыкманы колдонуп, кадр даярдоо мектептерин ачууну сунуштайм”,- дейт эл өкүлү.
К.Орозова чет өлкөлөрдө окуп жүргөн жаштардын маселесине дагы кайрылып, алар чет жерлерде жогору эмгек акынын айынан калып калбашы үчүн өз Мекенинде иштөөгө шарт түзүү керектигин айтты. Анын пикиринде, чет жерде окуп жүргөн балдарды учетко алып, өзүбүзгө тартып, шарттарды түзүп, алардын билимин өлкөгө пайдалануу зарыл.