Бир сааттай мурун мен Илим Карыпбековдун: “мынакей, сонун айнек эшиктерди орнотуп койдум, тим эле КТРК өнүгүп кеттик”- деген постуна коммент тыштадым эле: “коомдук телеканал эл агартуу миссиясы менен маанилүү, акты ак дебесең дагы, оппозицияны эл душмандан бешбетер шыбасаң дагы, деги ушул миссияны аткарсаң, эл ыраазы болот эле, кеп эмне ошол иштеген коллега эжекелердиң кабинеттерине айнектерден аңдып-шыкалаганда бекен”,- деп.

 

Шумдугуң кургур, “бүгүнкү Армениядагы элдин жеңишин биздин телеканалдар кантип баяндайт экен” деп КТРдеги кечки жаңылыктарды азыр көрүп чыктым.

Москвадагы “Первый канал” биринчи жанылык кылып берди. Мен болсо: “атаңкөрү, аягында беришет экен” деп, аягына чейин күттүм. Бир дагы сөз да болгон жок. Ал гана эмес, эй, туугандар, толугу менен эле кыргызга эл аралык кабарлар чагылдырылбайт экен! Кыргызга анын эмне кереги бар дешкенби?

 

Жалал-Абаддагы казино, “элдик репортер” кыйратып атат, Бишкектеги жол, өкмөттөгү кеңешме, эт азыктары, Таластагы картөшкө, мектеп ысык тамагы, Ысык-Көлдөгү соцкамсыздоо, Баткендеги ФАП, Ысык-Көлдө тез жардам, Нарындагы мал, Чүйдө бал абакча, Ошто бала бакча, кыргызча китеп аз, Миңжылкиев 85ге чыкмак. Бүттү! Ии, баса, аягында “жарнаманын оордуна” бир корейлер ачкан клиникасы, анын да дарегин туура айтпай, “7-апрель” эмес, эскиче “Шабдан баатыр” (дагы, рахмат, “Ш.баатыр” дебегендерине) деп коштошуп коюшту.

 

Армения жөнүндө бир дагы сөз айтылган жок!

 

А эмне, Армения – биздин ЕАЭС-ОДКБдагы эң жакын союздаш мамлекетте эли тынч көтөрүлүп өкмөт башчысын кетиргендери жөнүндө кыргыз эли кабардар болуусу кереги жокпу, Илим Карыпбеков? Муну ким сага эмненин негизинде чечип койду? Былтыр Дача-СУда болгон кырсыкты биз CNNден түз эфирде көрүп аттык, мактанып тим эле ачкан “24” деген канал кечке жуук гана сөз айта башташты, студиянын ичинен. Кайра эле сиз көп мактанган ПТСтердин бирөөсү да аякка барып койгон жок, ошол күнү да, эртеси дагы. “Фейсбуктагы” каналдар ар бирөөсү ар кандай жыйындардан телефон аркылуу эле түз эфир күнүгө алып барып атышат, КТР болсо даже өкмөт кеткенин жана жаңы шайланганын араң кечке жуук берип атасыңар. Мындай каналдын, то есть каналдардын эмне кереги бар бизге деги. 31-марттагы КСДПнын сьездине болсо, көрдүк, ПТС машинесин айдатып барып, сьемка кылдыңыз. Эмне себептен биз Жогорку Кеңешибизде болуп аткан жаңылыктарды “фейсбуктан” издешибиз керек, айтыңызчы? Ошол жактан жаңылык “24” каналынан берилбесе, анда эмнеси жаңылык каналы деги! Арменияны бүгүн кыргызга кабарлабасаңар, эмне керегиңер бар деги! “Бир бала бакча ачылыптырбы?” деп силерди көңгөн адатынча кечинде биздин элибиз көрүп атабы? Же эл аралык жаңылыктарды биз “Первый каналдан” көрүшүбүз керекпи? Айтор, суроо толтура. Жооп бериштин деле кереги жок. Уят силерге, КТРчылар! Позор сага, Илим! Отчотуңду бекитип алыпсын жекшеевтерден. Кетип эле кал өзүңдүн каалоң менен!

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.