Вице-премьер-министр болуп дайындалган Алтынай Өмүрбекованын депутаттын мандаты мөөнөтүнөн мурда алынды.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, чечим бүгүн, 24-апрелде кабыл алынды.
Алтынай Өмүрбекова парламентке "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болуп келген. Эми анын ордуна партиядагы тизме боюнча Сагындык Келдибаев келди.