25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын нөшөргө айланат.

 

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан жаабайт, бирок, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.

 

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.

 

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы  мүмкүн. 

 

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоо этектеринде 8…13° жылуу, 26-апрелде Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу ыктымал.