Тогуз-Торо районундагы алтын ылгоочу заводду өрттөп жибергендеги окуя боюнча учурда 150дөй адам суракка алынып жатат. Дагы 15 адам Бишкекке алынып келинген. Алардын үчөө аялзаты. «Тогуз-торолуктар бошотулсун» деген талап менен эл Акуй алдына пикетке чыгышууда. Биз бүгүн бийлик тараптан да, эл тараптан да эмес, экология боюнча атайын эксперт Динара Кутманова айымга суроо узаттык.

 

Динара айым, эколог катары сиз кандай пикирдесиз? Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинат ишке киришсе элге кандай таасири тиймек?

– Тогуз-Торо районунда «Макмал» алтын кени иштетилип, эл мурдатан эле болушунча андан чыккан уу калдыктардын зыянын тартышты. Оорукчан болуп, жерлеринен таза азык ала албай көкөйлөрүнө көк таштай тийген. Жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу заводго да эч ким кепилдик бере албайт. Азыр мамлекеттик органдарда кесипкөй адистер жок. Ошон үчүн элди түшүнсө болот. Жацы алтын ылгоочу завод курабыз деп атышат. Баа-ры кагаз жүзүндө ойдогудай. «Алтын ылгоочу завод иштесе, эч зыян келбейт» деп кургак сөздөрүн айтып жатышат. Азыркы убакта кандай кагаз болбосун бизнесмендер мыйзамга тууралап жасап алышууда. Мамлекеттик органдарга элдин ишеними таптакыр жоголду. «Завод курганга экология кызматкерлери уруксат берди. Баары
Азыр кайда барба жемкорлук менен иш бүтөт. Мен ойлойм, элдин пикири туура. Көзөмөл жок. Баары сатылма көзөмөлгө айланган.

 

– Комбинат өрттөлүп, бир топ чыгымдар болуп кетти. Жүздөн ашык адам суракка алынууда. Бул иштин акыры кандай болчудай?

– Жогорку Кеңеште үч фракция өкмөттүн отчетун угушпадыбы. Ошол жерде Казарман боюнча маселе көтөрүлдү. Премьер-министр «мыйзам бузгандыгы үчүн баары жооп берет» деген пикирин айтты. Ал ачык эле айтылган «камалат» деген сөз. Инвесторлор ал жерге 5 миллионго жакын каражат киргизишкен. Алар эл аралык сотто утуп алышат. Биз аны төлөп беришибиз керек. Бирок ошол карапайым эл эле жоопкерчиликке тартылып камалып кетет. Бир жылдан бери тогуз-торолуктардын митингдери кайталанып жатат. Эл менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери болгон жок. Мисалы, Кыргызалтын мамлекеттик орган, бирок сайтгарын ачсаң эч бир маалымат жок. Экологиялык маселелер боюнча бир дагы мамлекеттик органдарда ошол эле экотехинспекцияда, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жакшы маалыматтар жок. Алардын сайтын ачсаң «Жетекчибиз тиги жака барды. Мындай чогулуш өткөрдү» деген керексиз маалымыттарга толгон. Натыйжалуу, элди тынчсыздандырган суроолорго жооп берген жан жок. Лабораториялык анализдер кандай чыгып жатат? Аларды ким жүргүзүп жатат? Булар жөнүндө маалыматтар жок. Кайсы мамлекеттик органдын сайтын ачпа, керектүү маалымат ала албайсың. Баардык жерде экологиялык маселелер курчууда. Кендин баарын казып жатышса, анын кайсы документин караба, баары норма, баары жакшы болуп жатса, күйбөгөн жериң күл болот да. Мындай өкмөткө, мындай көзөмөлгө ким ишенет? Күч, көзөмөл органдардын баары чөнтөккө гана иштеп жатат.

 

Экологиялык маселелер күн санап курчуп баратат. Мөңгүлөр эрип жатат. Аба бузулуп жатат. Бийликтегилер болсо кен казмай менен гана алек болуп калды. Кытайлар кендерди казып, сууларды булгап баса беришет. Зыянын, азабын тартып эл эле кала берет. Экотехинспекцияда, айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинде кесипкөй кадрлар жок. Бул Тогуз-Торо чуусу боюнча минден ашык иш козголуп, 88 адам жоопко тартылып, ошонун баары үчүн келтирилген зыян 5 млн. сом.

Карапайым элди камап жоопкерчиликке тартуу таптакыр туура эмес. Президенттик шайлоого даярдыктар болуп жатканда Сооронбай Жээнбековго эл маселени көтөрүп кайрылышкан. «Ошол боюнча карагьша» деп тапшырма берил-ген. Анан алар январь, февраль айларында пикетке чыгышып, убакыт берип жатты. Бирок эч ким басып да барган жок. Анан эл чыдабай жарылды. Бул өкүнүч-түү, бүгүнкү бийликтин чаржайыттыгын далилдеген окуя.

 

Булак: ”Азия Ньюс”