Оштогу өрттөн жабыркаган алты адамдын экөөсү амбулатордук жардам алышкан. Дагы үчөөнүн абалы орточо оор деп бааланып, Оштогу облустар аралык ооруканада дарыланышууда. Дагы бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө комада экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Өрт кечээ түнү чыккан. Көп кабаттуу үйдүн балконунан башталган жалынды өрт өчүргүчтөр бир сааттын тегерегинде толугу менен өчүрүшкөн.