Талас ИИБинин маалыматына караганда, №5 мектептин окуучу балдары мушташып кетишкен. Окуя 23-апрелде болгон. Милиция бөлүмүнө бул тууралуу кабар болжол менен саат 13:00дө жеткен. 

 

Окуя болгон жерге тергөө-иликтөө тобу барышып, 11-класстын окуучулары мушташкандыгын аныкташкан. Мушташкан балдардын экөөсү жеңил жараат алып ооруканага кайрылышкан. Ал эми үчүнчүсү ичегиси айрылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

 

Факт боюнча "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.