Мен бул кайталангыс инсан менен 1953-жылдан бери ар дайым чогуу жүрүп, бир тилекте, бир максатта эриш- аркак иштеп келдик. Алгачкы жылдар студенттик мезгилибиз эле, мен Москвадагы И. Сталин атындагы атактуу Тоо-кен институнун 3-курсунда билим алып жаткам. Апсамат Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун мыкты көрсөткүчтөр менен аяктап, аты аталган институттун тездетилген бөлүмүнө келип окууга кирди. Бул бөлүмгө ошондой окуу жайларын мыкты бүткөндөр жана өндүрүштө практикалык жооптуу кызматтарда иштеген адистер кабыл алынуучу. Алардын ичинен Апсамат тез эле өзүнүн дилгирлиги, тырышчаактыгы менен жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды.

Стипендия алганда, жолугушуп чай ичээр элек. Андан кийин Кыргызстандан келген жаштардын кандай окуп жаткандыгы жөнүндө акылдашып, начар окугандарга жардам берип, стипендия албагандарга материалдык жагынан жардам берүү маселесинде жолугуп турар элек. Ошентип , абдан ынтымактуу жашадык. Бир убактарда Тоо-кен институтунда окуган Кыргызстандык студенттердин саны 16га жеткен.

 

Мен 1955-жылдын июнь айында, Апсамат болсо 1956-жылдын февраль айында институтту аяктап, Кызыл-Кыя шаарынан ишти баштадык. Биздин студенттик жылдарда башталган жолдоштугубуз Кызыл-Кыя шахтасында иштеген жылдар ого бетер өсүп, жаңы бийиктиктерге чыкты. Эң негизгиси Апсаматтын апасы абдан мыкты киши эле, мени балам деп Апсаматтан кем көрбөйм деп, келинчегимди (аялымды) болсо кызым деп, бир үй-бүлөөдөй жашадык.

 

Мына, дал ошондон бери жарым кылымдан ашык өмүрүбүз достук мамиледе өттү. Мен муну сыймыктануу менен балдарыма, неберелериме, көптөгөн жолугушууларда жаштарга, коомчулук менен элибизге айтып келем. Албетте, айтса-айтпаса түшүнүктүү эмеспи, Апсамат Масалиевичтин күтүлбөгөн жерден, мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы, коммунисттер, кыргыз эли жана улуту үчүн, жеке менин өзүм үчүн орду толгус жоготуу болду.

 

Ар бир адамдын кайталангыс, эсте кала турган бөтөнчө сапаттары, кулк мүнөзү, жүрүм-туруму болот тура. Мен жарым кылымдан көбүрөөк чогуу иштеп, ой-пикирибиз бир адам катары анын айрым бир өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетүүнү эп көрүп турам. Апсамат бүткүл өмүрүн өз эли, өз жери үчүн арнаган өлкөбүздүн чыныгы атуулу. Студенттик жылдарда эле ал: “Биз эми тоо инженери болуп чыгабыз, Кыргызстандын жери ар түрдүү кендерге бай, аны канткенде жакшы иштетип, элибизге үзүрүн көргөзөбүз?” деген суроолорду улам-улам кайталап, баарыбызды ойго салчу. Анын “Кыргызкөмүр” комбинатынын өнөр жай бөлүмүндө нускоочу, партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары, Таш- Көмүр шааркомунун биринчи катчысы, Бишкек (Фрунзе) шаараткомдун төрагасы кызматын аркалап тургандагы иштери буга айкын далил. Бир эле мисал, республиканын борбор шаарын тейлеген Фрунзе шаараткомунун иши ошол кезде өтө начар абалда болучу. Шаараткомдун башчысы болгондордун бири да кийинки 15 жыл ичинде жакшылык менен иштеринен кетпептир. Өкмөт менен партия кайсы жерде иш начар болсо, ошол тарапка Апсамат Масалиевди жиберчү. Мына ошондой оор акыбалдагы жерге Апсамат башчы болуп шайланып калды. Шаардын ортосундагы эски турак жайларды бузуу маселеси өтө кыйын болуп чыкты. Ал үйлөр начар экенине карабастан, адамдар көп жыл жашап, көнүп калган жайларын бошотуп, жаңы квартираларга көчүп чыгууну каалабай жатышты. Мына ушул оор, татаал вазипа Апсаматка жүктөлдү. Анын сабырдуулугу жана чыдамкайлыгы натыйжасын берди. Шаардын орто чениндеги В.И. Ленин атындагы спорт сарайы, цирк, “Айчүрөк” борбордук универмагы жана башка толгон-токой юбилейлик объектилер, бүгүнкү сөз менен айтканда мэр А. Масалиевдин күжүрмөн эмгеги, биринчи катчы Т. Усубалиевдин жетекчилиги менен ишке ашкан.

Апсамат Масалиевич өткөн кылымдын 60-жылдарында элибиздин мүдөөсүн партиялык кызмат аркылуу орундатууга мүмкүн экендигин түшүнүп, өзүнүн материалдык кызыкчылыгынан баш тартып, ошол кызматка өткөн. Ал кезде областтык партия комитетинин инструкторунун айлык акысы комбинаттын башкы инженеринин орун басарыныкынан 3 эсе аздык кылаар эле. Партиялык саясий уюштуруучулук ишти терең өздөштүрүү максатында, Алма-Атадагы жогорку партиялык мектептин күндүзгү бөлүмүн окуп бүтүргөн. Ал кезде эки баланын атасы болуп калган. Кыргыздын “аракет кылсаң – берекет” дегендей, ал ошондон тарта улам жогорку жооптуу партиялык, советтик кызматтарда иштей баштады.

 

Апсамат Масалиев мыйзамдыксыздык, коррупция, паракордук, алдым – жуттумдук, адилетсиздик менен күрөшкөн, бирден-бир күчтүү орган болгон Элдик көзөмөл комитетинде (народный контроль), андан кийин ККП Борбордук Комитеттин бөлүм башчысынын орун басары, обкомдун башчысы, партиянын Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы, Кыргызстан КП БК бөлүм башчысы, Эл депутаттарынын Фрунзе (Бишкек) шаардык аткаруу комитетинин председатели, Кыргызстан КП БК өнөр-жай жана транспорт боюнча катчысы, Кыргызстан КП Ысык- Көл облустук комитетинин биринчи секретары, КПСС БК инспектору (Москва шаары), андан кийин 6 жыл үзгүлтүксүз Кыргызстан КП БК биринчи секретары, КПСС Саясий Бюросунун мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин председатели кызматына шайланып, камчы салдырбай, жакшы ат, жарык жүз менен үзүрлүү иштеп, элибиздин чыныгы урмат-сыйына татыды.

Өтө маанилүү маселердин бири шайлоо процессинин таза өтүшү. Таза шайлоо болгондо гана өлкөдө тынчтык болот. Эң ыплас шайлоону мына биз 1990-жылкы жана 1995-жылкы президенттик шайлоолордо көрдүк. Биринчисинде Апсаматка партиялаштары (А.Жумагулов, Ж.Аманбаев) чыккынчылык кылып, эсептөө комиссиясы 4 добушун будалап, президент болуп шайланган жеринен, президент болбой калды. Кыскасы ээрге отурганда эле кыйшык отурганбыз. Легитимсиз бийлик оорусунан кутула албай келе жатабыз. Экинчисинде эл легендарлуу парламенттин катасын оңдоп, коммунисттерге ишеним көрсөттү. Бул шайлоодо эски коммунист, жаңы дермократ Акаев утулду. Шайлоо болгон 24-декабрдын түнү штабга келген алдын ала маалыматгар боюнча А. Масалиевдин кандидатурасын колдоп Ош, Жалал-Абад облустары 90% жогору, Ысык-Көл, Нарын 60% кем эмес, Бишкек 50% жогору эл добуш бериптир. Жалпы республика боюнча 65% кем эмес добуш алганыбыз айкын болуп калды. Кийин такталган маалымат боюнча 57% кем эмес деген жыйынтыкка келдик. Шайлоонун жыйынтыгы чыкпай бир жума дымып жатты. Штабга тынбай телефон чалуулар болуп жатты. Арасында “эмнеге отурасыңар…” биз көтөрүлгөнгө даярбыз деп сөгүнгөндөр да болду. Коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жетип, прихватизациянын даамын татып калгандар кан төгүүдөн кайра тартпайт эле. Жаалданган эл да бийликтин колуна өлүп берүүдөн кайра тартпай калган чак эле. Тирешүү апогейине жетти. Өлкө экиге бөлүнгөнү калды. “Элдин канын бийликке төктүрүп, кандуу жол менен президент болгум келбейт” деген чечимин Апсамат Масалиев элге жарыя кылды. Чындыгында биз жеңгенбиз. Бейкүүнөө адамдардын каны төгүлбөсүн деп, президенттик тактыны Акаевге “белекке” берген күндөр да өттү, кетти.

Апсамат Масалиевдин дагы бир таанымал өзгөчөлүгү – өтө жөнөкөйлүгү жана тазалыгы. Ал 1983-жылы 50 жашка толгон кезинде Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болчу. Мен телефон чалып, үй-бүлөөсү менен сүйлөшсөм, “эч кандай даярдык жок, аны атайылап өткөрбөйбүз” деген жооп алдым. Биз, эки үй-бүлөө, мен, Өскөн Даникеев жана студенттик жолдоштор өзүбүзчө, эскертпей эле, Пржевальскиге (азыркы Кара-Кол шаары) барып, аны куттуктап коюуну чечтик. Кечке барсак, жумуштан келе элек. Саат жетилерде обкомдун бюро мүчөлөрү менен кирип келишти. Биздин сюрпризибизге ыраазы болуп, кубануу менен кабыл алды.

Баса, ал Кыргызстандын биринчи жетекчиси болгондо деле, туулган күнүн кечинде үч эле киши үйүнө барып куттуктаганбыз. Биз ондогон жылдар бою чогуу жүрүп, анын бизге жасаган мамилесинен бир дагы жолу эң жогорку бийликтеги адам экендигин сездирген жүрүш-турушун көргөнүбүз жок. Ал кыргыздын: “Улук болсоң, кичик бол” деген накылын ар дайым эсине бекем тутар эле.

Биз кийинки депутаттык жылдары шайлоочулар, эл менен көптөгөн жолугушууларда чогуу болуп, өлкөбүздүн эң алыскы айылдарына чейин барып жүрдүк. Анын турмуштун оорчулугунан кыйналып жаткан калк менен кездешип, кеңири маек куруу устаттыгы өсүп келе жаткан жаш муундарга чоң таасир тийгизе турган өрнөк катары айтса болот. Ал түшүнүктүү, так, кыска, нуска, жөнөкөй сөздөр менен элдин ар кыл суроолоруна жооп кайтарып, аларды тез эле өзүнө тартып алуу менен, көңүлдөрүн көтөрүп, келечектен күдөр үзбөөгө үндөөчү.

А. Масалиев коммунисттик идеологияга чексиз берилген, марксисттик-лениндик теорияны жактаган жана аларга бүт жүрөгү менен ишенген нукура коммунист болчу. Бул теория адамзатты акыр түбү акыйкат, теңчил, чыныгы демократияга алып келээринен күдөрүн үзбөй, аны эл арасына жигердүү таратуучулардын бири катары таанылган. Мурдагы СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдүн жетекчилеринин ичинен коммунисттик идеологияны сатпаган, марксизмдин келечегине ишенген, аны таркатууга чоң салым кошкон бирден бир саясий ишмер катары кала берди.

Кайсы бир жолу жолукканыбызда: “Эгерде айрымдарды Усубалиевдин  кадрлары деп жумуштан айдасак, мен жумуштан кеткенден кийин Масалиевдин кадрлары деп мени менен чогуу иштегендерди да кызматынан айдашса, Кыргызжуртта ишбилги кадр калбай калат. Мамлекетибиз кадрдык катастрофага дуушар болот. Биздин максат кимдир бирөөнү кызматтан кетирүү эмес, аларды өлкөгө ак кызмат кылдыруу” деген пикирин билдирген. Кадрларга карата анын жасаган ушундай мамилеси акыйкаттык болгон, бөлөкчө баа берүүгө болбойт.

Соңку чактарда Москвада өткөн коммунисттердин курултай, Пленум, активдеринде бир нече ирет чогуу болгонумда, ага катышкандар Апсамат Масалиевичти чоң урмат менен тосуп алышканын өз көзүм менен көрүп, муну толкундануу менен кабыл алып жүрдүм. Чындыгында, ал бүгүнкү кыйын кырдаалда эл аралык коммунисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмерлеринин бири катары таанылганы талашсыз.

Коммунисттик баалуулуктарды, карапайым калк менен жумушчу табынын түпкү кызыкчылыктарын унутуп, өз таламдарын баарынан жогору койгон партиянын айрым жетекчилеринин чыккынчылыгына дайыма көңүлү чөгөөр эле. Кыргыз элин, улутун демократияга алып барабыз деп өңгөчү айрылганча кыйкырып иш жүзүндө жапайы капитализмге дуушар кылгандарга наалат айтчу. Ошо токсонунчу жылдарда “Масалиев кетсин!” деп ачкачылык жарыялаган “демократтардын” бир тобу жапайы капитализмдин тушунда “ка-ап” деп бармагын тиштеп, акчасыз, ач жылаңач калганы да кашкайган чындык. Булардын аты, затын угуп билип жүрөбүз.

Социализм учурунда Кыргызжурт жылына 3 – 4 миллион тоннадан ашуун көмүр казып, “Орто Азиянын кочегары” атка татыган. Бүгүн бул көрсөткүч көпкө кыскарган. Бүгүн көмүрдү сырттан сатып алуудабыз. Импорттолгон көмүр радиоактивдуу экен, уулуу экен” деп ыйлактаган учурларыбыз да кездешүүдө. Кыскасы Совет доору кыргыздардын тарыхында алтын доор катары кирерине терең ишенем.

Масалиев мамлекет башчысы болуп турган чакта (12 беш жылдыкта) киши башына киреше (ВВП на душу населения) 3280 доллар эле. Бул көрсөткүч Казак ССРде 1700 доллар болучу. Бүгүн Кыргыз Республикасында бул көрсөткүч миң доллардын тегерегинде. Ал эми Казак Республикасына 11 миң доллардан ашты. “Демократтар” бийликте турган 20 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы Казакстандан ондогон эсе артта калды.

Кыргызстандан коммунист терисин кийген Иудалар чыкпаганда, трайбалисттер, регионалисттер, дилетанттар, демагогдор депутат болуп шайланбаганда, А. Масалиевдин төрт добушу уурдалбаганда, ал мамлекетти жетектөөнү улантып, кадрлар эволюциялык жол менен алмашканда, калкыбыз мындай кыйын турмушка кабылбайт болчу. Бүгүн социалдык-экономикалык абалыбыз кошуна мамлекеттерден ашык болсо ашык, кем болбойт болчу. Балким Беларуссиянын, Кытай Эл Республикасынын жолу менен өнүгөөр элек.

Экөөбүз жакшылык-жамандыкта чогуу жүрдүк. Апсамат эки уулун үйлөндүргөндө мен куда башчы болуп бардым. Ал Кыргызстан КП БК биринчи катчысы кезинде кичи кызы турмушка чыкты. Кудаалар келе турган күнү Апсамат Ошко командировкага кетиптир. Апсаматтын апасы өтө мыкты киши эле деп жогоруда айтып кетпедимби. Орозбек, балам, келе калгының деп телефон чалып калды. Келсем айтты “Орозбек, сен бүгүн куда тососуң” дейт. Ошентип кудалар да келишти. Жакшынакай тосуп алдык. Мен тааныган кишилер экен. Татынакай узаттык. Бала деген кыйын да. Апсамат ошо күнү кечинде телефон чалып: “Күйөө бала кандай экен?” деп сурады. Эртеси эрте менен дагы ошол суроону берди. Мен: “Күйөө балаң мыкты экен, менин купулума толду. Буйруса мыкты адам чыгат”, – дедим. Менин сөзүмдү турмуш өзү ырастады. Кийин Эркинбек Матыев коомдук жана мамлекеттик ишмер болду.

Апсамат адабиятты да мыкты билген адам эле. Орус классиктеринин чыгармаларын окуп чыкканынан кабарым бар. Өскөн Даникеевдин чыгармаларын баарын окуп чыккан. Кыргыз акын – жазуучуларынын чыгармаларын окуп гана чыкпастан, айрымдарынын ырларын жатка билер эле. Бир курдай, 2004-жыл болсо керек эле, Оштон Бишкекке келатабыз. Машинада 4 кишибиз. Айдоочу, Апсамат, байбичеси жана Орозбек б.а. мен.

Апсамат Белден (Ала-Бел) Чычканга чейин Барпынын, Молдо Нияздын, Токтогулдун, Жеңижоктун жана башка акындардын санат ырларын токтобой ырдап келди. “Оозум Ошту карап” эле калды. Кырк жылдык жолдошумдун мындай өнөрү бар экенин билбейт элем да. Байбичесинен сурап коём: “Апсаматтын мындай төгүлүп ырдаганын биринчи көрүшүм, мурда да ырдачу беле? Байбичеси: “Мен да биринчи жолу угуп жатам” – дейт. Апсаматтын ошондогу: “Ат арыбас болсочу, Мырзайым, Аккан суу…” деп ырдаган мукам үнү азырга чейин кулагымда жаңырат.

Бул акыйкатчыл, талапчыл, адамгерчиликтүү инсан жөнүндө көптөгөн макалалар, китептер жазылаарына, кинолор тартыларына ишенем. Анын өмүрү, тандап алган жолу келечек муундар үчүн үлгү болуп, тарбиялык мааниси эбегейсиз зор экендигин эске алсак, ал жөнүндө көргөн-билгендерди, эскерүүлөрдү массалык маалымат каражаттарында мезгил- мезгили менен жарыялап турса, бул баарыбызга, өзгөчө өсүп келе жаткан муундар үчүн өтө пайдалуу болоруна бөркүмдөй ишенем.

Орозбек Дүйшеев, Коомдук жана мамлекеттик ишмер

Булак: “Жаңы ордо”