УКМКнын берген маалыматына караганда, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча дагы бир экс-жетекчи бүгүн, 18-апрелде камакка алынды.
“Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда катталган коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев камакка алынды.
Аны улуттук коопсуздук кызматынан абагына киргизишти. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.