21-27 апрель күндөрү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган китеп жана автордук укук жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм минитсрлиги кабарлады.

 

Иш чаранын максаты – китеп окууга кызыгууну арттыруу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көңүл буруу болуп саналат.

 

Анын алкагында улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшырылат.

Жумалыктын алкагында бардык китепканаларда жана мектептерде бир катар иш чаралар өткөрүлөт.