"Кыргызстан" фракциясынын жаңы депутаты Насыр Мусаев БШКнын чечими менен мандатын алган. 

 

Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү катары милдетине киришип жатып ант берди. 

 

Эске салсак, аталган фракциянын депутаты Жыргалбек Калмаматов оорудан улам кайтыш болгон. Анын бош калган орунуна партиядагы тизме боюнча Мусаев келди.