Жалал-Абад шаарындагы базарда 13-апрелде чыккан өрт 1270 чарчы метр аянтты каптаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында аталган шаардын вице-мэри билдирди.
Айтымында, базардагы өрттөн улам 56 сатуучу жабыркап, чыгым 32 миллион сомго жеткен.
"Өрт эмне себептен чыгыптыр?" - деген депутаттардын суроосуна вице-мэр: "Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал аягына чыккандан кийин өрттүн чыгуу себеби аныкталат", - деп жооп берди.