Депутат Рыскелди Момбеков "Дыйкан" базарын көчүрүүгө дарамети жетип, Ош базарынын жанындагы атактуу байлын заправкасын жылдырууга алы келбеген өкмөткө таң калды. 

 

Парламентте депутаттар өкмөт мүчөлөрүн чакырып, Ош базарында жакында болгон өрт маселесин жана анын кесепетин талкуулашууда. 

 

Момбеков бул иште өкмөттүн кайдыгерлиги башкы орунда тураарын белгиледи. Айтымында, Ош базарынын жанында  заправка бар. 

 

"Эгер өрт ошол жерге жеткенде Бишкектин жарымы күйүп кетмек. Кудай сактап, убагында өчүрүлдү. Эмнеге Ош базарынын жанындагы заправканы көчүрө албайсыңар? Анткени, ал атактуу байга таандык. А Дыйкан базарын 3000 сатуучуну чыркыратып туруп көчүрүп салдыңар. Анда да өрт коркунучу бар деген шылтоо айттыңар. Силер элге эмес, байлардын кызыкчылыгына иштейсиңер", - деди депутат.