Парламент депутаттары өкмөт мүчөлөрүн чакырышып, Ош базарында жакында орун алган өрт боюнча талкуу жүргүзүшүүдө.
Көпчүлүк депутаттар жабыркаган сатуучуларга пайызссыз ссуда берилиши керек деген пикирди карманышты.
ӨКМ министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Ош базарындагы иш боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, кырсык башталгандан кийин тийиштүү кызматтарга кабар бир нече убакыттан кийин келген. Тагыраак айтканда, кабар кеч берилген.
"Ошондуктан, бул жерде атайылап өрттөө болгон деп шектенүүгө болот", - деди министр.
Депутаттар бул кылмыш ишинин негизинде аныктала турганын белгилешип, ал эми кыйын күнгө кабылган сатуучуларга жардам берүү зарылдыгына токтолушту.