22-апрелден тарта Бишкектин 140 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдештер орун алат.

 

Маалыматка ылайык, мелдеш 22-28-апрель күндөрү борбор калаадагы "Аккула" ат майданында болот. Анда "Келечек", "Кара-Балта", "Сары-Өзөн", "Арашан", Төш-

Булак", "Четинди", "Көк-Жал", "Аафият", "Эмгек-Талаа", "Долон", "Кеңешбек-Ата", "Бакубат Талас" (мурунку "Мурас") командалары күч сынашат. Аталган турнирдин жалпы байге фондусу - 500 миң сом. Көрүүчүлөргө кирүү акысыз.

 

Оюндардын графиги:

22-24-апрель - топтук оюндар;

26-апрель - жарым финалдык оюндар;

27-апрель - 3-4-орун үчүн беттеш;

28-апрель - финалдык беттештер.