Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн жолугушуусунда журналисттерге ачыктады.

 

Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, аталган аймакты СССР маалында Өзбекстан келишимдик негизде жайыт катары пайдаланып келген.

 

- Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайыт ушул тапта жергиликтүү калк тарабынан таптакыр эле пайдаланылбай турат. Союз маалында кошуна өлкө менен жайыттарды пайдалануу боюнча келишимдеп түзүлүп турган. Анжиян шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык жолугушуусунда бул маселе дагы кабыргасынан коюлду. Эгерде бул демилге жүзөгө ашса, анда Алай районунун экономикасына дагы чоң салым кошоор эле,- деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов.

 

Таалайбек Сарыбашов ошондой эле Ош облусунун Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен аймагы 241 чакырымды түзөөрүн дагы кошумчалады.

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити