Бүгүн, таңга жуук катталган тилсиз жоодон жабыркагандар нааразы болушуп, митингге чыгышты. Алар өкмөттөн компенсация талап кылышууда. Бул талап тууралуу мамлекет тарабынан азырынча эч кандай жооп боло элек.

Ал арада атайын кызмат өкүлдөрү соода борборун кимдир бирөө атайын өрттөгөн болушу ыктымал дешүүдө. Анткен менен азырынча так маалымат жок.

Кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.