Бүгүн, таңга маал Ош базарындагы «Берекет» соода борборунда өрт чыккан. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө төрт унаа тартылган. Азырынча өрттүн себептери жана жабыркагандар боюнча маалымат айтыла элек.

 

 

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Ош базарында бир нече ирет өрт чыккан болчу.