Президенттик шайлоодо баткенчи экс-депутат Улукбек Кочкоров элде жылуу сезимдерди калтырган. Анын принципиалдуу, патриоттук позициясын айрыкча жаштар колдоп, өз добуштарын берген. Аттиң, акчасы жок кара тамандардан болгондуктан, рекламасы жок жүдөп, берки байлар менен тең тайлаша албай калды.
Бул жигит ЖКнын бешинчи чакырылышынын депутаты болуп жүргөндө да чындыкты катыра айтып келген. Мурда салык, улуттук коопсуздук органдарында иштегендиктен, мол тажрыйбасы парламентте көтөрүлгөн маселелерди семичкедей чагуусуна шарт түздү. Тайманбастан, Атамбаев бийлигин сындап жүрүп эле кантип оппозиционер болуп кеткенин билбей да калды. “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, чек ара маселелери каралып жатканда эл тарабында болду. Мына ошондуктан да Атамбаевдин каарына калып, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “за бортом” калды. Анткени, АША Улукбекти кайсы партия катарына кошо турган болсо, шайлоодо өтпөй калаарын катуу эскерткени айтылган. Улукбекти арбын добуш алып келет деп “Өнүгүү” өз катарына кошкон, бирок АША айткан соң чыгарып салды. Бирок, бул жагдай Кочкоровду курчутту. Анын бышып жетилгени президенттик шайлоодо толук далилденди. Ошондуктан, мындай кадрлар жерде жатпастыган эске алып, Соке Улукбекти өз командасына кошуп алса, жакшы кызмат кылып берет эле...
Булак: «Майдан. kg» гезити