Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев экс-президент Атамбаевдин КСДПнын курултайында өзүнүн дарегине айтылган сынына жооп кайтарды.
Атамбаев депутаттын өкмөт башчыга айткан акааратын жактырбай: “Ал өзү сот тармагынан кубаланган, эми Сапар Исаковго тийишип жатат”, - дегендей пикирин билдирген.
Зулушев Атамбаевге сот тармагы көз каранды экенин айтты.
“Алар коркушат, көз каранды, чечимдерди буйруксуз чыгара алышпайт. Буга коомчулук да күбө. Мен сот тармагында иштеп жүргөнүмдө коркутуулар болгон”, - деген депутат сот тармагынын кейиштүү абалы мурдагы президент Атамбаевдин туура эмес бийлигинин жыйынтыгы экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал Сапар Исаковдон кызматтык этикаларды сактоону талап кылды.