Сооронбай Жээнбеков башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу ниетинде турат. Ал Жогорку Кеңештин профилдик комитетине башпрокурорду кызматтан алуу сунушун жолдогону белгилүү болду.

 

Айрым маалымат каражаттары жазып чыккан мындай маалыматты КР президенттик аппаратынан тастыкташты.

 

Белгилей кетсек, президент башпрокурорду кызматынан ала албайт. Конституцияга ылайык, мамлекет башчы парламентке сунушун жолдойт, андан кийин депутаттардын добушуна коюлуп, көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоого алса гана ал ниетине жете алат.

 

Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун парламенттик комитетке жолдоду.

 

Эске салсак, Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн тактаган отчетун парламенттеги оппозициялык фракциялар кабыл алышкан эмес. Депутаттарды башпрокурор жыйынга өзү келбей, орун басарын жөнөтүп койгону нааразыланткан.