АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоого байланыштуу орусиялык 50 киши бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу «Форбс» журналы жазды.

 

Басылманын маалыматына караганда, санкциялык тизмеге кирген ишкер Олег Дерипаска 24 сааттын ичинде эле 1 млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды. Бул эки ишкерге тиешелүү акциялардын баасы кыйла арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельбергдин байлыгы дээрлик миллиард долларга азайды. Каржы базарындагы абалдан улам Сулейман Керимов, Леонид Михельсон, Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов жана Алексей Мордашов деген ишкерлер дагы зыян тартты.

 

Санкциялардан улам ВТБ банктын, «Русал», «Норильск никели» жана «Мечел» компанияларынын акцияларынын баасы кыйла төмөндөдү. Баалуу кагаздардын баасынын арзандашына байланыштуу рублдин курсу түштү. Евронун баасы 2016-жылдын августунан бери алгачкы жолу 74 рублдан ашты. Доллардын курсу быйыл биринчи жолу 59 рублдан жогорулады.

 

Дерипаска президенттик кылган «Русал» компаниясынан учурда «абал жакшы эмес» экенин билдиришти. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, азыр жетекчилик ыктымал тобокелдиктерди минимумга түшүрүүгө аракет кылууда.

 

Дерипаскага таандык En+ компаниясы санкциялык тизмеге киргенден кийин анын директорлор кеңешинин эки мүчөсү кызматтан кетти.

 

6-апрелде Кошмо Штаттар Орусиянын коопсуздук кызматтарынын жетекчилерине, саясатчыларга жана президент Путинге жакын делген миллиардерлерди “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон мындай чечимин “Москванын дүйнөгө тийгизген зыяндуу ишмердигин” жазалоо чарасы деп түшүндүргөн.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить