Аталган мекеме жылдагыдай эле жаз алды менен өндүргөн көчөттөрүн Баткен облусунун район-шаарларындагы, айылдарындагы мекеме-ишканаларга акысыз таратып, экологдор менен токой кызматкерлери жер-жерлерде көчөт отургузуу жумуштарына абдан активдүү катышып жатышат. Маселен, Арка токой чарбасы тарабынан 8035 өрүк, 330 туя чыгыш арчасы, 320 виргин арчасы, 1200 роза гүлү, 250 кызыл карагай, 500 терек таратылды.

 

Ал эми Баткен токой чарбасы тарабынан 167 Тянь-Шань карагайы, 1150 вингир арчасы, 20 туя чыгыш арчасы берилди. Лейлек токой чарбасы тарабынан 1580 терек, 752 алма, 18 береза, 15 грек жаңгагы отургузулса, ал эми Үч –Коргон токой чарбасы тарабынан 96 Тянь-Шань карагайы, 150 вингир арчасы, 110 чыгыш биота арчасы, 2000 ийне жалбырактуу кайрагач дарагынын көчөттөрү тигилди. Саркент  мамлекеттик жаратылыш паркы тарабынан 387 Тянь-Шань карагайы, 50 вингир арчасы, 50 туя чыгыш арчасы 200 ак кайын облустун аймагына отургузулду.

 

Ошентип, жалпысынан Баткен облустук экология жана токой чарбасы башкармалыгы тарабынан 1527550 сомдук 17380 даана көчөттөр таратылып, отургузулду.  Кыргыз Өкмөтүнүн “Таза жашоо” Улуттук кампаниясынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын алкагында бул жумуштар  ыраттуу улантылууда.