Эл аралык Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баткен шаарында атайын акция жүрдү. Иш-чарага жалпы жонунан 550 адам катышты.

 

 

Акция катышуучулары адегенде колдоруна кургак учук боюнча жазылган ураан-чакырыктарды көтөрүшүп, Баткен калаасынын борбордук көчөлөрүн аралап, узакка жөө жүрүш жасашты. Акцияга Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жогорку окуу жайлардын студенттери, анан жергиликтүү жаштар активдүү катышты. Буга улай Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында жаштар үчүн кургак учуктун жугуу жана алдын алуу жолдору тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Анда дасыкан дарыгерлер менен активдүү жаштардын ортосунда кең-кесири пикир алмашылды.     

   

Белгилей кетчү жагдай: ушул тапта Баткен облусунда 369 адам кургак учук дартына чалдыккан. Адистер кургак учуктан туура жана өз убагында дарылануу менен толук айыкса болоорун белгилешет. Ошондой эле өлкө аймагында бул илдет менен ооругандар акысыз гана дарыланышат. 

 

Баткен шаарындагы атайын акциянын жүрүшүндө дарыгерлер жаштарды туура жана витаминдүү тамактанууга, ошондой эле сергек жашоого үндөп, тазалыкка чакырышты. Бул маалымат компаниясын өткөрүүгө Улуттук Кызыл жарым Ай коому каржылык колдоо көрсөттү.