Жарандык активист Адил Турдукулов акын Темирлан Ормуковду милиционерлер кармап кетишкенин маалымдады.

 

Анын айтымында, Ормуков ооруканада жатканда милиция кызматкерлери келишкен да, камакка алуу боюнча санкцияны да көрсөтүшпөй, колуна кишен салып алып кетишкен.

 

 Учурда Темирлан Ормуков убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жана ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

 

Адил Турдукуловдун айтымында, сот 48 сааттын ичинде акындын баш коргоо чарасын карап, аны убактылуу кармоочу жайдан чыгарышабы, же ошондон ары абакка кетеби, сот чечине жараша болот.

 

Эске салсак, өткөн жылы депутат Дастан Бекешев Темирлан Ормуковдун үстүнөн милицияга арыз жазган. Ал акындын саясатчы, депутаттардын дарегине сын айтып ырларды жазганына чычалаган.

 

Ормуковду бир жума мурун Бишкек ШИИБине суракка чакырышып, акын өзүнүн ичин жарып салып, ооруканага жеткирилген.