Борбор калаадагы  «Ала-Тоо» ресторанындагы үлпөт тойюна келгендердин эмнеден уулангандыгы аныкталды. Борбордук санитардык-эпидемиологиялык борбордун билдиришинче, буга ресторандын ашпозчулары тарабынан даярдалган тоок этинен жасалган азык себеп болгон.

 

Эскерте кетсек, тойго келгендердин массалык уулануусу  1-апрелде орун алып, эки жүзгө  чукул жаран ооруканага кайрылган. Ал күнү бир эле тойго баргандар эмес, үйүндө калып, тойдон келген кешик жегендер дагы ууланган.  Алардын арасында жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлар жана алардын ата энелери дагы бар болгон.

 

Ал эми Бишкектеги алдыңкы, кымбат баалуу ресторандардын катарын толуктаган «Ала-Тоо» ресторанына баш аягы 25 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынганы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келген жагдай жаралып жатканда, ресторан ээлеринин мындай суммадагы айып пул менен  кутулуп кетүүсү акылга сыйбаган көрүнүш экенин айткандар жок эмес.