Беларус мамлекеттик медициналык университетинде билим алган түркмөн студенттери окуу акысын төлөй албай жатышканы үчүн окуудан чыгуу коркунучуна кептелишти. Түркмөн банктары алардын ата-энелери жөнөткөн акчаларды которбой жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын студенттеринин бири билдирди.

 

 

«Биз окуу акысын 20-февралда Түркмөнстандагы банктар аркылуу төлөгөнбүз. Бирок түркмөн банктары аны азыркыга чейин Беларустагы окуу жайдын эсебине которушкан жок. Университет 1-апрелге чейин каражатты төгүүнү талап кылууда. Жума күнү бизди окуудан чыгарышат», - деди ал.

 

Анын айтымында, студенттер түркмөн банктары менен байланыша албай жатышат, Минсктеги Түркмөнстан элчилиги да жардам берүүдөн баш тарткан.

 

«Элчи маселени өзүбүз чечишибиз керектигин айтты. Мага окшогондор 40тан ашуун. Арабызда үч айдан кийин окуусун бүтө тургандар да бар. Бирок акча которулбагандыктан, алар бизди окуудан чыгарышы мүмкүн», - деп кошумчалады ал.

Маалыматтарга караганда, студенттердин ата-энелери бир жылдык окуу акысы үчүн 2 миң доллардан төлөшкөн.

 

Минсктеги Түркмөнстан элчилиги “Азаттыктын” түркмөн кызматына түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.