“Ата Мекен” партиясы президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Сапар Исаковго, ЖК спикери Дастан Жумабековго, парламенттеги фракциялардын лидерлерине, акыйкатчы Кубат Оторбаевге жаа ЖАМКнын жетекчиси Т. Жапаровго кайрылуу жолдошту.

 

Кайрылууда Текебаевдин ден соолугу күндөн күнгө начарлар баратканы айтылган. Мындан улам саясатчыга олуттуу медициналык жардам керектиги, түрмөдө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, аны абактан сырт дарылоо зарылдыгы белгиленген.

 

“Өмүрбек Текебаевди өтө коркунучтуу кылмышкер катары кармап камашты. Чет өлкөгө иш сапары менен барып, кайра келе жатканында аны кармоо үчүн аэропортко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Коргоо министрлигинин аскерлери тартылган. Бул башкаларга мамлекетти татыктуу башкара албаган бийликти сындап, улуттук байлыкты талап-тоноонун коррупциялык схемаларын ачууга батынган адамдарды ушундай тагдыр күтүп турат деген сес көрсөтүү, коркутуу болгону айдан-ачык.

 

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2005-2010-жылдары президент Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусу учурундагы элдешкис күрөштө Ө.Текебаев кезектеги эл аралык конференцияга баруу үчүн чет өлкөгө чыкканда президенттин бир тууганы Текебаевди чет өлкөдө камап, түрмөгө отургузушат деген үмүт менен анын чемоданына наркотик салып койгон. Бирок Польшанын соту иштин жагдайын иликтеп көрүп, анын маанисиздигин аныктап, оппозиционер Текебаевди үч күндөн кийин кое берген.

 

Ушундай эле орунсуздукка 2017-жылдын февралында Ө.Текебаевди кармаганда да жол берилди, бирок эми башка, атап айтканда, коркутуу жана коомдук-саясий жашоодон четтетүү аркылуу жол берилди. Мындан сырткары, ал 2017-жылдагы президенттикке талапкер катары мурунку бийлик үчүн ыӊгайсыздыктарды жараткан.

 

 «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Ө.Текебаевге колунда администрациялык жана пропагандалык ресурстары бар айыптоочу тараптан камалган жеринде да, сот процесстеринде да ар дайым кысым жасалып келди, жазык иш соттук өндүрүшүндөгү негизги принцип – күнөөсүздүк презумпциясы таптакыр көз жаздымында калды, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жазык-процесстик мыйзамдардын тынымсыз бейчеки бузулушун айтпай эле коелу. Ө.Текебаевге күч органдары да, бардык инстанциялардын судьялары да моралдык кысым көрсөтүшкөнүнө сот процесстеринин катышуучулары күбө болушту.

 

Сот системасынын өзүм билемдигинин дагы бир жүйөсү катары сот процессинин катышуучулары үчүн жан чыдагыс шарттарды атайылап түзгөнүн айтууга болот: соттордун сот ишин кечинде же түнү өткөрүшү, адвокаттардын укуктарын тебелеши (мисалы, адвокатка баласын эмизип келүүгө тыныгуу беришкен жок), видеожазууга тыюу салышы, соттолуп жаткан адамга акыркы сөз айтуу укугун чектеши.

 

Ушул жагдайлардын баары Ө.Текебаевдин ден соолугуна терс таасир берип, ал эбегейсиз моралдык-психологиялык жана физикалык чыӊалууга тушукту.

 

Ө.Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганын эске алсак, азыр да анын ден соолугунун абалы тууралуу кооптонууга негиз бар.

 

Оорулуунун начарлашына №47 түзөтүү мекемесинин жетекчилиги тарабынан сапаттуу медициналык тейлөө шарттарын түзүп бербегени өз кесепетин тийгизиши мүмкүн. Эки жумадан бери Ө.Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбейт, ошол жердеги врачтар тарабынан квалификацияланган, ар тараптуу текшерүү толук жүргүзүлбөйт, өз убагында көчүрмө берилбейт, дары-дармектер кабыл алынбайт, дарыларды ичкенден кийинки өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүлбөйт.

 

Соттолгон адамдын жеке уруксатысыз камерага коюлган видеобайкоонун күнү-түнү иштеп турушунун өзү жан чыдагыс моралдык-психологиялык климаттын түзүлүшүнө алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Мындай оор шарттар ар качан кан басымына таасир көрсөтүп, гипертониялык кризиске алып келиши мүмкүн.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы Ө.Текебаевдин олуттуу ооруп жатканынын тизмесин аныктаганы менен, сапаттуу текшерүү жана дарылануу үчүн медициналык мекемелерге жөнөтүлбөстөн, 47-колонияда калтырылган, ал жерде болсо зарыл жабдыктар жана адистештирилген медициналык жардам жок.

 

Белгилеп кетүүчү жагдай, Адам укугунун жалпы декларациясына негизделген, Жарандык жана саясий укуктар эл аралык пактына кол койгон Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык демократиялык уюмдар жана БУУ Ө.Текебаевдин ден соолугунун абалына жана камалган шарттарына дыкат байкоо салып турат”, - деп жазылган кайрылууда.

 

Ошондой эле атамекенчилер комиссия түзүүнү талап кылышкан:

 

“Биз, Кыргыз Республикасынын саясий жана коомдук ишмерлери, Кыргыз Республикасынын демократиялык жана эгемендик өнүгүүсүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, 2010-жылдагы Конституциянын жана өлкөдөгү парламенттик системанын негиздөөчүсү, Жогорку Кеӊештин экс-депутаты жана «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин ден соолугунун начарлашына реалдуу коркунуч туулганына байланыштуу, квалификациялуу врачтарды тез арада киргизүүнү, адистештирилген текшерүүдөн өткөрүп, түрмөдөн сырт жакта дарылоону жана Ө.Текебаев камалган 47-колониядагы мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу максатында Жогорку Кеӊештин депутаттарынын, Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыйноолорду алдын-алуу боюнча Улуттук борборунун, министрликтердин, ведомстволордун, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеӊири катышуусунда Комиссия түзүүнү талап кылабыз”.