“Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан негизделген “Бакубат Талас” фонду аймактардагы элге медициналык кызмат көрсөтүүнүн шартын жакшыртуу багытында бир катар аракеттерди көрүп келет.
Бул жолу фонддун демөөрчүлүгү менен Талас районундагы Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Арык айылындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору “Степвагон” үлгүсүндөгү заманбап тез жардам автоунаасына ээ болушту. Аталган дарыгерлер борбору Талас районуна караштуу 6 айылдын элин жана Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексин тейлөөгө алат. Дарыгерлердин айтымында буга чейин эскилиги жеткен автоунаа менен бейтаптарга өз убагында сапаттуу тез жардам көрсөтүү мүмкүн болбой келген. 23-март күнү “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директору К.Мусаев, Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары К.Табышов, Талас райондук дарыгерлер борборунун башкы дарыгери М.Мырзалиев, Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жоробеков жана айылдын жашоочуларынын катышуусунда жаңы тез жардам автоунаасынын ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.
Ушул эле күнү “Альянс Алтын” компаниясы Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Чоң Токой, Кеңеш, Сасык Булак жана Кара Ой айылдарындагы жашоо шарты начар үй бүлөлөргө “Нооруз” майрамына карата бир каптан ун таратты. Ошондой эле И.Осмонкулов атындагы айыл өкмөтүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна ун, күрүч, шекер, макарон азыктарынан турган жардам көрсөтүлүп, балдарга дары-дармектер сатылып берилди.
Булак: “Майдан.kg” гезити