Эски бийликтин тушунда Өзбекстан менен мамилебиз өтө элек “ысык” болуп кеткенде айрым ашыналардын сырын жакшы билгендер бул “алың алың, келиң келиң” мамиле бекер эле жасалбай жаткандыгын сезишкен. Айткандай эле алгач экс-президент “Мындан ары ГЭСтерди Өзбекстан менен биргелешип, алардын макулдугу менен курабыз”,- деп Астананын жинине тийсе, андан көп өтпөй, Ысык-Көлдөгү Т.Сариев премьер-министр кезинде араң кайтарып алган төрт пансионатты өздөрү Ташкентке чуркап барып, кайра берип, элдин кыжырын келтирген. Ооба, чек ара ачылып, эки элдин каттоосу, соода-сатыгы жанданды. Ошондой эле Анжияндан Кашгарга чейин Өзбекстандын оор жүк ташыган машиналары биз аркылуу өтүп жатат. Бирок экономикалык көз караштан алганда, бул ымала-мамилелер биздин эмес, Ташкенттин эле пайдасына жасалууда. 29-мартта Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилери жолугушкан болчу. Анда өзбек тарап жайыт маселесин көтөрүп, Союз учурунда ижарага пайдаланып келген Алай районундагы Сарыташ жайлоосун ижарага алууну кыйытыптыр.  Кыргыз тарап бул маселе кийинчерээк караларын гана билдиргендигин айтууда. Анткен менен аталган жайлооду келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси чындап каралып жатканы каңкууланууда. Сыягы, убада берилип, соода бүтүп калган окшойт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити