Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери кош бойлуу аялды кыйнашкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Н.Р.аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда милиция кызматкерлери кош бойлуу экенине карабастан кыйноого алышкан. Алар аялдан милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө катыштыгы бар экенин моюнуна алган көрсөтмө берүүнү талап кылышкан.

 

2017-жылдын март айында милиционерлер аялды “Ак Буура” милиция бөлүмүнө алып келишип, түнкү саат 12ден таңкы 5:30га чейин негизсиз кармашкан.

 

Прокурорлук текшерүүнүн алкагында соттук-медициналык жана психикалык – психиатриялык экспертизалар өткөрүлгөн. Жыйынтыгында арыздануучу милиция кызматкерлери тарабынан психикалык жактан  кыйноого алынганы такталган. Анын кесепетинен боюнан түшүп калган. Учурда ал депрессиялык абалда.

 

Бул кылмыш ишин иликтөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилди.