КРнын БШКсы Жалал-Абад жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалды.


КРнын БШКсы 2018-жылдын 30-мартында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын бекитти.


Кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасын 1 219 900 (бир миллион эки жүз он тогуз миң тогуз жүз ) сом түздү.


2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы аныкталды.