УКМК Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевди суракка алды.

 

Анын “жакын тууганы түзгөн” деген компания жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат.

 

Бир канча жылдан бери өкмөттө иштеген, аппаратты башкарган Момуналиев кызматтан 12-мартта күтүүсүз кеткен жана өзү арыз жазганы кабарланган. Момуналиев суракка байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууган агасы Уланбек Момуналиев дооматтар негизсиз экенин билдирди.

 

УКМК Нурханбек Момуналиев тууралуу азырынча учкай гана маалымат берип жатат. Атайын кызматтын басмы сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, ал 22-мартта сурак берип чыкты: “Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн тендер боюнча суракка чакырылды. 2017-2018-жылдары Бишкек шаарында жылуулук маалын өткөрүүгө даярдык көрүү жана оңдоо иштеринин алкагында жалданып иштеген "АйМар Энержи" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болгондуктан ал суракка чакырылды”.

 

Нурханбек Момуналиев жана "АйМар Энержи" жоопкерчилиги чектелген коом бул окуя боюнча азырынча үн ката элек.

 

"Азаттык" Момуналиевдин агасы Уланбек Момуналиев менен байланышты. Ал бир тууганы "АйМар Энержинин" түзүүчүлөрүнүн бири деген маалыматты жокко чыгарды. Иниси "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы, анын эң жакын адамдарынын бири" деген сөздөрдү да жалган деп атады: “Ал жакта эч ким жок, уккан да эмеспиз. Карган десең карганып деле берейин. Тиешебиз жок. Менин да тиешем жок. Өзүм окуп алып таң калдым. Баары ушак. Мына мен сегиз жылдан бери жумушу жок жүрөм. Иним кызматка барышыма каршы. Ал киши ошондой. Азыр эми элди дүрбөтүп эле бир нерселерди айтып, жазып жатышат. Мен өзүм таң калдым. Нурканбек жумуштан кеткенден бери аны менен сүйлөшө да, көрүшө да элекмин. Ал эле эмес анын орун басарлары, көп эле адамдар кетти да. Анын фирмасы да жок. "Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы" деген сөздөрдүн баары жомок. Болгону 2008-жылы анын жардамчысы болуп иштеген. Ыңкылаптан кийин аппарат башчынын орун басары, аппарат башчы болуп иштеп жүрдү. Айтылган сөздөрдүн баары негизсиз. Ошол иштерге аралашып коюп кызматта отурмак беле? Ал фирманы уккан да эмеспиз, анын фирмасы жок”.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити