Ушул жылдын 19-мартынан тартып Кыргызстанда Prime TV жаңы телеканалы ишин баштады. Бул туурасында аталган көз карандысыз телеканалдын башкы директору Мариф Парпиназаров маалымдады.

 

- Кыргызстандагы телеканалдар санариптик көрсөтүүгө өткөндөн кийин “ОшПирим” телеканалы бүтүндөй республиканын аймактарында көрсөтө баштады. Ошондуктан, аталышын өзгөртүп, аны Prime TV деп атадык, - деди көз карандысыз телеканалдын башкы директору Мариф Парпиназаров. – Ошентип, телеканал мындан ары маалымат жана алаксытуучу мүнөзгө ыктамакчы. Негизги басым кыргыз маданиятына жана тилине жасалат. А телеканалдын башкы кеңсеси мындан ары Бишкек шаарында жайланышат.

 

Баса, Prime TV телеканалында тарых, салт-санаа жана маданият темалары тынбай козголуп, мунун 80 пайызы өздүк материалдар менен коштолот. Жаңы телеканалдын Бишкек шаарындагы кеңсесин белгилүү журналист Назира Ахмедова жетектейт.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити