Жалал-Абад жана Ош облустарында эки миңдей үй-бүлө жергиликтүү бийликтен жер тилкелерин жана мамлекеттен ссудаларды дагы алышкан. Тилекке каршы, баары тең кооптуу аймактардан дагыле көчпөй жашап келатышат.

 

- Маселен, Ош облусунда 1296 үй-бүлө коопсуз аймактарга милдеттүү түрдө көчүүгө тийиш! Булардын арасынан 2018-жылга дейре 1009 үй-бүлө жер тилкелерин дагы, ссудаларды дагы алышкан. Эми кезекте 287 үй-бүлө турат. Ушул тапта 627 үй-бүлө коопсуз жайларга милдеттүү түрдө көчүрүлүп, алар өзгөчө кырдаалдар тарабынан тигилген чатырларда жансактап жатышат, - деп тызылдады өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. – А Жалал-Абад облусунда 1861 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш! Булардын 948и дагы жер тилкелерин жана ссудаларды алышкан. Бирок, негедир көчпөй жатышат. Аксы, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 254 үй-бүлө аргасыздан көчүрүлдү. Алар тууган-уруктарыныкында эптеп жашап жатышат.

 

Эске салчу жагдай: Кыргызстан боюнча жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө жер көчкү жүрүүчү аймактарда жашашат. Булардын жарымы жаратылыш коркунучу туурасындагы улам-улам эсертүүлөргө таптакыр кулак салбай келатышат. Жер көчкү жана сел коркунучу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өтө көбүрөөк.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити