Баткен облусунда милициянын подполковниги 19 кило маңзат менен кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Ош —Баткен жолунан Ички иштер министрлгинин маңзаттарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери башкарып келе жаткан Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерилген. Милициянын подполковниги А. А.нын унаасын тинткен маалда, анын салонунан 19 кило 650 грамм маңзат табылды.

 

Бул фактынын негизинде «Маңзаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатуу, сактоо жана ташуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган ички иштер министрлгинин маңзаттарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери убактылуу кармоочу жайга  киргизилди.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити