Кадамжай районунда “Йакын инкар” уюмунун 13 мүчөсү кармалды. Бул жөнүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

 

- Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Нарын жана Жалал-Абад облустарынан келген бул жарандар Кадамжай районунун аймагында жергиликтүү тургундарды аталган уюмга кошулууга тынымсыз үндөп, мыйзамсыз даават иштерин жүргүзүп жүрүшкөндүгү аныкталды. Андыктан, Кылмыш Кодексинин 299-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремистик же террористтик уюмдардын символу же атрибуттарын атайылап колдунуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалгандар бүт Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Баса, 2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту «Йакын инкар» агымын экстремисттик уюм деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Алар балдар менен кыздарды мектепте өзүнчө бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбоо керек өңдөнгөн кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити