Жолугушууда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча, анын ичинде
транспорт, айыл чарбасы, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо,
финансылык тармак ж.б. пикир алмашуулар болду.  

 

Президент Сооронбай Жээнбеков негизги финансылык институттардын бири АӨБгө
өлкөнүн экономикасын жана анын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө
багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип,
Кыргызстан менен АӨБдүн 20 жылдык кызматташтыгынын жакшы тажрыйбасын
белгиледи.

 

Чжан Вэньцай Азия өнүктүрүү банкы жакынкы алты жылга кызматташуу
стратегиясын иштеп чыгып жатканын жана биргелешкен  долбоорлорду ийгиликтүү
ишке ашыруу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүк келечегин талкуулоо
керектигин белгиледи. Ал АӨБ Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү долбоорлорун
ишке ашырууда бардык жагынан жардам берүү даярдыгын белгиледи. 

 

Мамлекет башчысы жакын арада 2018-2040-жылдарга  Кыргыз Республикасын
туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору кабыл алынаарын эске
салды.

 

Ал АӨБ демилгелерди колдоо процессинде активдүү катыша турганына жана
өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен катар жардам көрсөтөөрүнө ишенимин
билдирди.

 

Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл Президенттин Жарлыгы менен Региондорду
өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын жана анын алкагында дагы өлкөнү өнүктүрүү
боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталганын, анын ичинде аймактардын
социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктураны, транспорт жолдорун,
ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана аймак тургундарын ичүүчү суу менен
камсыздоо маселелери коюлганын эске салды.