Кыргызстанга аялдардын ич кийимин эркектердин бут кийимине жана капчыктарга жаап-жашырып алып келаткандар кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, “Ы.К.” ЖЧКсына келаткан товар - Ош бажысынан  транзиттик декларацияга ылайык  55 миң  468 долларлык эркектердин бут кийимин жана  22 миң 682 долларга капчыктар өткөрүлмөк.

 

 Бирок, маалым болгондой, текшерүү убагында 24 миң 665 кг.дык аялдардын ич кийими чыккан, ал декралацияда көрсөтүлгөн эмес. Чыгашанын суммасы 3 млн 40 миң 83 сомду түздү.

 

Иштин материалдары Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.