Ош облусунун Кара-Суу шаарында  киши түнү көп кабаттуу үйдү өрттөөгө аракеттенген. Бул тууралуу КР ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Ош облустук ИИБинин кызматкерлери түн ичинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине өрт коюуга камынган кишини кармашкан.  Анын колунда бензин куюлган канистр болгон.

 

Милиция кызматкерлери кармалган адамды убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал киши кошунасы менен урушуп кетип, өч алуу максатында ушул ишке барган.

 

Факт боюнча кылмыш иши козголду.