Жалал-Абад шаарында курултайга даярдык көргөн  оппозиция өкүлдөрү боло турчу форумга делегаттарды шайлашмак. Жыйынды шаардагы театрла өткөрүп, аны менен катар Жалал-Абад элин 2005-жылдагы март окуясына 13 жыл толушу менен куттукташмак.

 

 

Бирок, шаардын мэри Салайдин Авазов эмнегедир аларга тоскоолдук көрсөтө баштаган. Белгилей кетчү нерсе, оппозиция өкүлдөрү курултай өткөрөөрдөн алдын шаар бийлигинен уруксат алышкан.

 

 Жарандык активист, курултайдын уюштуруучуларынын бири Адиль Сегизбаевдин айтымында, мэр элди курултайга барбоого үндөп, “алардын ниети жаман” деген мааниде тескери үгүт жүргүзгөн. Ошол эле убакта шаардагы кафелердин бирине дасторкон даярдап курултайга барчуларды март окуясынын 13 жылдыгын белгилөө максатындагы майрамдык тамактанууга чакырган.

 

Мындан улам адамдар экиге бөлүнүшкөн. Биринчи топтогулар майрамдык дасторкон жайылган жакка жөнөшсө, экинчилери курултайдын делегаттарын шайлоого келишкен.

 

“Мэрдин бул кылыгы таң калыштуу болду. Биздин баргандагы максатыбыз митинг жасоо эмес болчу”, - дейт Турдукулов.

 

 Ал белгилегендей боло турчу форумда делегаттар элдин курултай институтунун идеясы эмнеге максатына жетпей калганын талкуулашат. Уюштуруу комитетиндегилер буга тийиштүү мыйзамдолбоорун чыгарып жиберген парламент депутаттары айыптуу деп эсептешет.

 

Аны менен катар форумда саясий туткундардын маселеси да каралат. Анткен менен курултайдын өткөрүү датасы азырынча тактала элек.