Баткен облусунун аймагында “Таза жашоо” программасынын алкагында “Көрктөндүрүүнүн жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча” 17-мартта жер-жерлерде ишембилик жүрдү.
Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругуна ылайык элет жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Баткен облусунун аймагында “Таза жашоо” ураанын астында Көрктөндүрүүнүн жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлдүн атайын буйругу чыгып, ошондой эле облустук штабдын курамы дагы бекитилген. Ошентип, Баткен облусудагы район-шаарлардын жана калк жашаган айылдардын айлана-чөйрөсүн тазалоо, жашылдандыруу, жана көрктөндүрүү максатында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин үч айлык жарыяланган.
17-марттагы ишембиликте Баткен облусу боюнча 683 мекеме-ишканадан жалпысынан 27 544 адам катышып, сейил бактар, скверлер жана бакчалар ондолуп-түзөлүп, сырдалды. Көчөлөрдү жарыктандыруу максатында 19 чакырым 200 метрге жарыктар орнотулду. Жалпысынан Баткен жергесинде 201345 даана бак-дарактар отургузулса, мунун 175622 даанасы мөмөлүү дарактар, а 25723си ийне жалбырактуу көчөттөр. Ал эми облустун аймагындагы токой чарба комитетинин балансында 183 миң дарак көчүрүп отургузууга даяр. Бул дарактарды жер жерлерге отургузуу иштери мындан ары дагы күчөтүлөт. Бүгүнкү күнгө карата 48 чакырым 101 метр жолдо жана тротуарларда ондоп-түзөө жана тазалоо иштери аткарылды. Административдик мекеме-ишканалардын 332си акталып, сырдалды. Мындан тышкары жеке менчик үйлөр дагы ирээтелитп жатат. Облус аймагынган жалпы жонунан 948 тонна 750 кило таштанды чыгарылды. Буга улай 500 чакырым 481 метр ички каналдар жана чарбалар аралык канал, арыктарды ондолуп-түзөлүп жана тазаланды. Ошентип, жалпысынан облул боюнча 10 күн аралыгында 6 миллион 123 миң 175 сомдук жумуш аткарылды.
Булак: "Майдан.kg" гезити