Бишкек — Нарын унаа жолундагы Кубакы белинде болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен эки аял каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки автоунаанын катышуусундагы жол кырсыктан жабыркаган эки адам Кочкор райондук аймактык ооруканага жеткирилген. Алар:
- 11 айлык наристе. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси катуу чайкалган жана мээ комасы деген диагноз коюлган;
- 1978-жылы туулган А.Г. баш сөөгүнөн жана көкүрөк тушунан жаракат алган.
Эки жабырлануучу тең учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Мындан тышкары өлүкканага эки аялдын жансыз денеси жеткирилген. Азыркы тапта аталган кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Булак: Эркин Тоо