Баткенде Нооруз майрамы Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган бардык облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Баткен шаардык мэриясы бышырган сүмөлөктү ачуу жана даам сызуу жөрөлгөсү менен башталды.

 

 

Жергиликтүү жетекчилер бул ирет сүмөлөктүн бетине Төрт-Күл көлүнүн сүрөтү түшүрүлгөндүгүн баса белгилешип, буюрса, быйыл облуста суу мол болот деп жоорушту. Анткени, ушул тапта Баткендеги жападан жалгыз Төрт-Күл суу сактагычында 90 миллион 400 миң метр куб суу топтолгон. Бул былтыркы жылга салыштырганда 750 миң метр кубка көп. Аталган суу сактагыч аркылуу аймактагы 9 миң гектарга жакын жер аянты сугарылат.  

 

Мындан соң Баткен облусунун жетекчилери Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган Улуттук тамак-аш көргөзмөсүнө катышып, даам сызышты. Ал эми майрамдын расмий бөлүгүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевжалпы эле Баткен облусунун калайык калкын Норуз майрамы менен чын ыкластан куттукттады.

 

- Жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер дагыбүчүрлөйт. Андыктан, илгертен эле “Нооруз” майрамын кыргыз эли жаңырган жыл катары белгилеп келатабыз. Демек, бул майрам чын эле жакшы тилектердин гана майрамы. Ошол себептүү изги тилек менен жаркын келечекке кадам таштап, алакандай Баткен аймагын чогуу-чараан өнүктүрөлү! “Нооруз” өрүкзардуу аймагыбызга тынчтык, токчулук, береке жана кут алып келсин! Ылайым Баткенибиз мындан ары өнүгүп-өссүн! - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

 

         Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып коңшулаш Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Косими Содир жана Өзхбекстан Республикасынын Сох районунун акиминин орун басары Хабибилла Ярматов дагы Баткен облусунун тургандарын Нооруз майрамы менен чын ыкласттан куттукташып, жылуу каалоо-тилектерин ыроолошту.

 

         Баса, майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон бир катар атуулдар Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын сыйлыктарына татышты. Андан соң калың калкка Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалуу драма театрынын арттистери тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок жана Баткен аймагынын чыгармачыл таланттарынын концерттик программасы тартууланды.

 

Акырында Нооруз майрамы жалпы элдик  сейилдөө менен аяктады.

 

Алишер Токсонбаев