Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2018-жылдын 20-март күнү саат 11:08 чамасында Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул маалымат тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик, Нура айылдарында 3 баллга,  Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 2,5 баллга сезилген.

 

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.