Бишкек ЖЭБинде учурда канча көмүр калганын эсептөөгө 426 миң сом коротушат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка караганда, Бишкек ЖЭБ складдагы көмүрдүн 1:500 өлчөмүнө жараша топографиялык сьемка боюнча көмүр алууга тендер жарыялаган.
Техникалык тапшырмада ЖЭБдеги көмүр ар үч айда бир жолу тапшырык берүүчүнүн талабы менен эсептелинээри көрсөтүлгөн.
2018-жылдын бизнес-планында көмүр складында геодезикалык сьемкага 426 миң сом каралган.