Разводто  Нооруз майрамына карата коомдун коопсуздугун камсыз кылуу  үчүн  милициянын нарядтык  ачык инструктажы өттү. 


Рахманов   кылмышкерлерди, дайынсыз жоголгондорду, өзгөчө жаш балдарды  издөөдө  максималдык күч колдонуу зарылдыгын белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын “Ички иштер органы тууралуу”   мыйзамдарды аткаруу  учурунда Бишкек гарнизонунун өздүк курамына коомдук-саясий чөйрөдө   криминогендик кырдаалда зарыл болгон баардык чараларды 
көрүүнү,  тапшырмаларды аткаруу учурунда мыйзам чегинде, ведомстволук  актылардын негизинде иш алып баруу зарыл.  Саясий кыймылдарга аралашпай, ар бириңер  кызматтык милдетине   абийирдүү,абройлуу ,так , калыс мамиле кылгыла. Коюлган тапшырманы ийгиликтүү чечиш үчүн ар бирибиз  кызматтык  милдетибизди  ак ниеттүү аткарышыбыз керек", - деди ал.


20-21 - март күнү борбордук милиция кызматкерлери кызматты күчөтүү  режимине өтүшөт. Шаар боюнча коомдун тартибин 2 миңден ашык милициянын  кызматкерлери камсыз кылат.

Бишкек ШИИББ коопсуздук иш чарага жана көзөмөлдөө өткөрүү режиминде  кыраакылык жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранат. Шектүү  предметтерди байкаган учурда өз учурунда жакынкы милиция кызматкерине же  “102” телефонуна билдириңиздер.