Бишкектик үч кыздын кадамы соцтармактарда мактоого татыды.
Үч кыз Орто-Сай айылын өз демилгелери менен таштандыдан арылтышкан.
Маалым болгондой, 18 жаштагы Айыма Назаралиева бир тууган сиңдилери менен Орто-Сай айылындагы мамлекеттик туу турган чоң аймактагы таштандыларды топтогон.
Соцтармактардын айрым колдонуучулары Бишкек мэриясына кыздарды сыйлоо өтүнүчүн да жолдошту.
