20-марттан тартып ИИМдин жеке курамы күнү-түнү кызматта болушат. 20-марттан тартып ИИМдин бөлүмдөрүнүн жеке курамы жогорку аскер даярдыгына которулат, башкача айтканда, алар элдин ыктыярчылар менен бирге күнү-түн дебей коомдун сакчылыгында турушат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык обьектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат. Айрыкча Бишкектин жана Оштун аянтындагы, парк, гүлбактардагы коопсуздукка көңүл бурулат.
ИИМ жарандарды баамчыл болууга чакырып, пропукстук режимге түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.