Борбор калаадагы бир катар көчөлөрдүн аталыштары өзгөрүүгө учурашы мүмкүн. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары борбор калаадагы Шабдан Баатыр көчөсүнүн аталышын өзгөртүү сунушун бир добуштан, талкууга албай туруп кабыл алышты. Белгилей кетсек, бир катар көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу сунуш кылынууда. Алар: Шабдан Баатыр көчөсүн – 7-Апрелге; Чүй проспектисинин жарымын – Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин – Шабдан Баарын проспектисине. Шаардык кеңештин жыйынына бул маселени депутат Канатбек Мүзүралиев алып чыкты. Соцтармактардын кыргызстандык колдонуучулары мындай өзгөртүү каршы пикирлерин билдиришүүдө.